ДомойКоомМавлян Аскарбеков: «Маалыматты сыр бойдон калтырып туралык, учуру келгенде ачыктайбыз»

Мавлян Аскарбеков: «Маалыматты сыр бойдон калтырып туралык, учуру келгенде ачыктайбыз»

2017-жылы 16-январда Бишкектин четиндеги «Манас» эл аралык аба майданынын жанындагы Дачи СУ конушунда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си балдар) жана төрт учкуч каза болгон. Аталган кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, бирок кийинчерээк токтотулган. 2021-жылдын декабрь айында президенттик аппарат Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дачи СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алардын жыйынтыгы жакында коомчулукка белгилүү болорун кабарлаган эле. Өткөн аптада Дачи СУ боюнча коомдук комиссия түзүлүп, анын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов болгон. Курамына укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова, журналист Дилбар Алимова, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлү Бекзат Алимов, “Ачык маалымат фондунан” Элнура Алканова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, «Стоп Беспредел» маалымат сайтынын башкы редактору Кайрат Кенжебай уулу, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Култаев, жарандык активист Тимур Махмудов, укук коргоочу Динара Ошурахунова, иликтөөчү журналист Али Токтакунов, укук коргоочу Нурбек Токтакунов, журналист Адил Турдукулов, экс-депутат Бактыбек Турусбеков, укук коргоочу Эркингүл Убышева, жарандык активист Самсаалы Четимбаев кирген. Биз Мавлян мырзаны кепке тарттык.

— Мавлян Амангелдиевич, Дачи СУ айылынын үстүнө кулаган учак боюнча комиссия түзүлдү. Түзүлгөн комиссия бул ишти ачык, объективдүү алып чыга алабы?

— Дачи СУ трагедиясын кайрадан иликтөө иши Президент Садыр Жапаровдун демилгесинин негизинде башталып, коомдук комиссия түзүлдү. Коомдук комиссиянын курамына кирген адамдарды Кыргызстандын эли бүт тааныйт. Оппозициялык көз караштагы иликтөөчү журналисттер, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү киришти. Биздин ушул ишти аягына чыгарышыбыз үчүн комиссиянын курамына Президент тарабынан атайын ыйгарым укуктар берилди. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар жардам берсин деген дагы буйрук чыкты. Аталган трагедияны ачык, акыйкат изилдеп, аягына чыгабыз деген ойдомун.

— Коммиссиянын мүчөсү катары, сиз билген кандай чындык бар?

— Негизи көп эле чындык бар. Себеби, убагында биз бул маселени көтөрүп, иликтеген маалда бизди, алардын ичинде жеке мага да кылмыш ишин козгоп, оозумду жабуу максатында камоо аракетин көрүшкөн. Бул аракеттин аркасында көп маалыматтар бар дегенге негиз жатат. Ошол маалыматтарды комиссиянын иштөө алкагында акырын четинен чыгара бермекчибиз. Үнүбүздү, чындыгыбызды жеткирүүгө бардык аракеттерди көрөбүз. Албетте, азыр ал маалыматтарды комиссиянын жана иликтөөлөрдүн жүрүшү үчүн белгилүү убакытка сыр бойдон калтырып туруу керек болот. Учуру келгенде ачыктайбыз.

— Чын эле ошол трагедияга алып келген учактагы жүк Алмазбек Атамбаевдин жубайына таандык беле?

— Эгер бул жүк Атамбаевге же анын жанындагы адамдарга тийешеси жок болгондо эчак ачыктап, аныктап, жооптуу адамдарды камап коймок. Ачыгын айтайын, өзүңүздөр билесиздер, бул жүк кулаганда Алмазбек Атамбаев Дачи СУга басып барган эмес. Ошол жакта жабыркагандардын бардыгын резиденцияга алып келип, журналисттердин баарын чыгарып: “Бейөкмөт уюмдарга, Аскарбековго, юристтерге кайрылбагыла. Эч кимге кайрылбагыла. Жеке жана компенсация маселеңерди мен чечип берем” деген сөз болгон. Мына булардын бардыгын биз ачыктап беребиз.

— Эгер бул кылмыш иши ачыкталса, кандай кадамдар жасалышы керек?

— Оболу, бул ишти комиссия иликтеп чыксын. Акыйкаттуулук үчүн бардыгы мыйзамдын негизинде жооп берүүгө тийиш.

Булак: Жаны Ордо гезити

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда