ДомойКоомБелгилүү диктор Бактыбек Мамытов каза болду

Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов каза болду

Айтылуу диктор Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Кабарды жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, алып баруучу көптөн бери ооруп жүргөн.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган.

Ал теле жана радионун босогосун 21 жашында аттаган.

Эмгек жолун мектепте лаборант, клубдун башчысы жана жүк ташыгыч болуп баштаган. Кийинки эмгек жолу КТРКда ийгиликтүү уланып, «Арноо концерти» теледолбоорунун жүзү катары кеңири таанымал болду.

Маркум азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде жогорку билим алган.

Б.Мамытов 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланган.

2000-жылы кыргыз телеберүүсүнүн отличниги болсо, 2006-жылы «Даңк» медалын тагынган.

2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын ардактуу атуулу болгон.

NazarNews маалымат агенттиги диктордун жакын туугандарына, санаалаштарына жана сапарлаштырына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда