ДомойСаясатТаласта төрт балалуу аял жаңы төрөлгөн наристесин огородуна көмүп салган

Таласта төрт балалуу аял жаңы төрөлгөн наристесин огородуна көмүп салган

16-майда Талас шаарында 39 жаштагы аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын огородуна көмүп койгон. Бул тууралуу Турмуш басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 4 баланын энеси, өз энесинин үйүндө жашайт. Ал бешинчи менен кош бойлуу учурунда курсагын жашырып, “семирип кеттим” деп айтып жүргөн. Бул окуя тууралуу ооруканадан белгилүү болгон.

Талас облустук биргелешкен ооруканасынын маалыматына караганда, ал төрөгөндөн кийин дарыгерлерге кайрылган.

-1983-жылы туулган аял 16-майда ооруканага түшкөн. Ал алгач төрөгөнү тууралуу айткан эмес, ичинин ооруп жатканын айтып келген. Дарыгер текшергенден кийин ал кош бойлуу болуп катталганы аныкталган жана жаңы эле төрөгөнү белгилүү болгон. Бала жок болгондуктан дарыгерлер милиция бөлүмүнө кайрылышка. Милиция кызматкерлери келгенде ал төрөгөн баласын эмне кылганын айтып берген. Учурда бейтап биздин ооруканада гинекология бөлүмүндө жатат,-деп айтылат маалыматта.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда