Ири ишканалар Ширшовдун колуна өттүбү?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Шойкомдуу Ширшов тууралуу эл ичинде түрдүү кеп-сөздөр жүрүүдө. Мамлекеттеги коррупциялык механизмдерди колго алганы кеңири айтылууда. Мындан улам бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттарды күпүлдөттү.

Атай айтсак, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жарылып чыгып, өкмөттүн төрт ири мамлекеттик ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген токтомун жокко чыгаруу керектигин билдирип, аталган ишканалар коррупцияга шектелип жаткан мурдагы жетекчи Алексей Ширшовдун колуна өткөнүн айтты.

Ал: «Телеком» менен «Мегаком», макул, Санариптик өнүктүрүү министрлигине багыты жакын. Торпеда, oк-дары чыгарган «Дастан» заводунун эмне тиешеси бар? Ушундай чоң стратегиялык объектилерибизди, банкты, 3 миллион абоненти бар «Мегакомду», ири жер аянты бар «Кыргызтелекомду» Ширшовдун колу на карматпадыкпы.

Бул токтомду жокко чыгарыш керек. Акылбек Жапаров ал жерге дата-борбор курабыз деп жатат. «Кыргызтелекомдо» имарат толтура, дата-центр биздин президиумдай жерге эле батат» — деди.

Аны улай так ушул эле көйгөйдү эл өкүлү Улукбек Ормонов да көтөрүп чыгып, ушунча болду министрликке «Кыргызстандын жарымын берип эле койсо болорун» айтып, бул маселенин талкуусу коомчулукта азыр абдан кайнап жатканын белгилеп, тез арада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун өзүн парламентке чакыруу керектигин билдирип, өкмөттүн аталган ишканаларды министрликке өткөрүп берүү тууралуу токтомун жокко чыгарууга чакырды.

Булардан соң жаңы шайланган Шайлообек Атазов «Ширшовдун колуна токтом менен өткөрүп берилген» ишканаларды кайтарып берүү керектигин айтып чыкты. Баса, ага чейин «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси, коррупцияга шектелип жаткан Алексей Ширшов менен Санариптик өнүктүрүү министри Талант Имановдун тыгыз байланышы бар деген оюн депутат Дастан Бекешев ачыкка чыгарып, элди алдоо болуп жатканын белгилеген.

Кызыгы, Парламенттин жыйынына катышып жаткан президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын бул айткандарына комментарий берген жок.

Эске салсак, 10-майда УКМК Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Ошол эле күнү УКМКнын өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Ага удаалаш министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызтелекомду», «Альфа Телекомду», «Дастан» заводун жана «Евразия сактык банкын» Мамлекеттик мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу токтомго кол койгон.

Коомчулукта уу-дуу кеп күчөгөндө өкмөт башчы аталган ишканалар министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлгөнүн, өкмөттүн максаты учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, тейлөөнү уюштуруу экенин билдирип, «Бул долбоор Алексей Ширшовдун схемасы» деген сындарды четке кагып, өкмөт көптөн бери пландап келе жатканын айткан.

Сөзүнө аргумент катары бир топ маселени тизмектеп келип: «Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык-техникалык базасы жок. Мен мурда финансы министрлигинде түзгөн «Инфоком» ишканасын республикалык деңгээлге чыгардык деп коюп эле жумуш такыр жүрбөй жатат.

Азыр болсо жаңы финансылык технология өнүгүүдө. Биз муну мурдатан эле даярдап келе жатканбыз. Биздин өкмөттүн өнүгүү программасында бар. Кимдир бирөөнүн схемасы дегенди ошол айтып жаткан адамдардан тактабасак, мен билебейт экенмин.

Кандай схема болушу мүмкүн? Мурда айтса болот эле, азыркы санариптик доордо баары ачык көзгө көрүнүп турбайбы» деп белгилеген.

Албетте, «Сүткө оозу күйгөн» коомчулук айтылгандарга ынанбай турат. Анан да бир нече эл өкүлүнүн тычсызданып жатканы элди бушайманга салууда. «Ширшову жок деле иш кылса болбойбу» деген күбүр-шыбырлар кеңири жүрүүдө.

Бийлик буга көңүл буруп, туура жыйынтык чыгарса деген тилектебиз. Буга чейинки президенттерди дагы так ушул Ширшов жана анын жанындагы шүдүнгүттөр жолдон чыгарып, бийликтен кулатканын эскертип койолук. Кыргыздын чыдамы менен ойноо-эч качан жакшылыкка алып келген эмес. Көзүңөрдү ачыкла!

Булак: Жаңы Ордо гезити

Аргумент.kg