Марлен Маматалиев: «Азыр Москва тараптан эски машиналар келип жатат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып келүүгө бир жылга уруксат берип, рулун сол жакка которуу сунушталууда. Мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеп, маселе бүгүн «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында каралды.

Эл өкүлү эң негизги максат элдин арзан автоунаа алышына шарт түзүү экенин белгиледи.

«ЕАЭБдин регламентине ылайык, бажы төлөмдөрүн төмөндөтө албайт экенбиз. Бирок Япониядан арзан унааларды алып келүүгө уруксат берсек болот. Бирок рулун сол жакка которууга мүмкүнчүлүк түзсөк деп жатабыз. Өкмөт «өзүбүз бекер алмаштырып берели, тетиктерин унаа ээси алып келсин. Мамлекеттик стандарттар сакталсын. Ушундай шартта макул болобуз» деп айтты. Акыркы санкцияларды эске салсак, Европадан Россияга машиналар кирбей калды. Азыр Москва тараптан эски машиналар келип жатат. Бир жылга эле уруксат берип, Япониядан жаңы унааларды алып алсак жакшы болмок», — деди Маматалиев.

Деген менен Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Азамат Исраилов бул мыйзам долбооруна каршы чыкты. Анын айтымында, ЕАЭБдин техникалык регламенти боюнча рулду алмаштырууга тыюу салынат.

Натыйжада «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаттары демилгени колдоп берди.

Аргумент.kg