Орозайым Нарматова: Балким, мага да чыныгы сүйүү келип калаар…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин жеке жашоомду ыплас саясатка аралаштырбагыла. Мындай пикирин экс-депутат Орозайым Нарматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

-Кубаныч иним жаздын кереметин чагылдырган жерден сонун интервью алды. Кызыктуу суроолору – жеке жашоом, жигитимдин бар же жок экендиги тууралуу болду. Мындай суроолорду, “күйөөгө тий”-деген заказдарды көп угам. А бирок менин айтаарым “нике менен өлүм кайыптан”-деген кеп бекеринен эмес. “А балким, мага да чыныгы сүйүү келип калаар”-деген үмүт менен жүрөм. Менин жеке жашоомду ыплас саясатка аралаштырбагыла.. Жеке мен “башкалардын жашоосу кол да, сөз да тийбей турган маселе болуш керек”-деп эсептеймин. Ал эми жалпы журтташтарга, санаалаштарга эки дүйнөлүк бакыт каалаймын!-дейт Орозайым Нарматова.

 

Аргумент.kg