ДомойСаясатСапар Исаков президент болом деп, өзүн рекламалатып баштадыбы?

Сапар Исаков президент болом деп, өзүн рекламалатып баштадыбы?

Бул тууралуу фейсбуктун колдоонуучусу Гюлчетай Асанова
өзүнүн жеке баракчасына жазды:
«Ачка тооктун түшүнө актаган таруу кирет — дечү эле. Сапар Исаков президент болом деп, баягы адатына салып, самопиарын баштаптыр. Бирок, ал ага татыктуубу? 14 миң евролук аттар, штугу 1137 евролук таякчалар, экспонаттар… Бир аттиштин 600 доллар турушу… Ушул былыктары үчүн аны президенттикке кой, Кыргызстанга караанын жолотпош керек. Эл анын эмнесин баалайт? Өзүн көкөлөтө мактатып, пиар кылып, ошол эле убакта бюджеттин, элдин эсебинен жегени үчүнбү?
“Сапар Исаковго карата соцтармактарда нааразылыктарын жазып, четке түкүргөндөр көп. Чын эле, Кыргызстанды жок кылгысы келген шумпай Кыргызстанга жакын жолобосун. Жегендиринин баарын куссун адегенде.
“Россия 37 миллион доллар берген болчу, ГЭС кургула деп. Анда премьер-министр Сапар Исаков, президент Алмаз Атамбаев эле. Бул экөө ал акчаларды алып, ГЭС эмес, даараткана курган эмес, изи жок жоголгон. 37 млн доллар Кыргызстандын жана кыргыз элдин мойнуна карыз болуп калган. Ушу далил боюнча кылмыш ачыш керек”.
“Сапар Исаковду эл шайласа, президент болобу! Биринчи өлкөгө келип алып жооп берсин акталса, анан шайлоо болгондо, шайлоого катышсын, ошондо дагы ойлонобуз көрөбүз” .
“Сапар Исаков убагында элди куруткан. Эсиңерде болсо, Сапар Исаков Президент Атамбаевдин Астанага жасай турган иш сапарын үзгүлтүккө учуратып, ТИМ министрин жек көргөзгөн. Ушундай жол менен Бакиевдин референти бүгүн Атамбаевдин тышкы саясатын тейлеп, оң колуна айланган. Сапар жөн эле жымырып алгандарын аш кылып тынч отурсун!” Бул соцтармактагы карапайым жарандардын пикирлери.
Сапар Исаковдун былыктары ТЭЦтеги авариядан улам чыгып, көптөгөн коррупциялык былыктары билинип баштаган. Башкасын айтпайлы, тышкы саясат боюнча бөлүмдүн башчысы болуп турганда «Газпром-Кыргызстан» нефтегаз комплексинин кыргыз филиалынын директорлор советине кирген. Ошол убакта анын чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын коргогону үчүн маянасы канча болгонун билесиңерби? 10 миң АКШ доллары. Ай сайын 10 миң доллар! А чындыгында мамлекеттик бийликтин өкүлү чет элдик компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болуугу укугу бар беле? – деген суроо жаралат.
Атамбаев менен Сапар Исаков Кыргызстандын аскердик төрт самолетун Сомалиге ижарага берип жибере жаздаганы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев маселени кабыргасынан койбогондо, ал самолеттер кайтып келиши күмөн эле. Ижара дегени менен анын келишимин эч ким көргөн эмес, кайсы бир маалымат булактарына караганда, самолеттун ижарасы үчүн акча мамлекеттин бюджетине эмес, чет өлкөдөгү офшордук эсептердин бирине которулган. Башкы прокуратура макулдашуу мыйзамсыз болгондугун тааныганы менен, Исаков Генштабдан башкы командачынын буйругуна баш ийүүнү талап кылган…
Айта берсе, мунун кылыктары дагы, былыктары дагы көп. Бул чети гана….
Тарых музейдеги 14 миң евролук аттар, даанасы 1137 евролук таякчалар, экспонаттар… 600 долларлык аттиш… Президент болгонду коюп, булардын баарысына жооп берсинчи!»-деп жазды ал.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда