ДомойКоомАпама пачка акча берсем, "мунуң менен бул 5 нерсени сата албайсың" деп...

Апама пачка акча берсем, «мунуң менен бул 5 нерсени сата албайсың» деп ыргытты

Мен көөп кеттим. Көпкөндө дагы аябай
көптүм. Мени акча бузду. Башыма келген
дөөлөттү көтөрө албай калдым. Бир нерсеге
жетпей жүрүп, анан жете баштасаң, мурда ээ
боло албаган нерсеңдин баарын алганга
аракет кылат экенсиң.
Айылга баргандан кача баштадым. Ал жакта
жол жаман, машинам бузулат дедим. Ак
көйнөгүм мал жыттанат дедим. Мен
кафелерден эмес, ресторандардан тамак
жейм дедим. Айтор, мени акча бузду.
Апам байкуш… Менин жүрүм-турумумду
жактырбачу болду. Биринчи айлыгым 930
болчу. Ошону үйгө алып келсем, байкушум
сүйүнүп, кошуналарга чейин айтып, күрүч
алып, отко аш басып берди эле. Азыр андан
миң эсе толтура акча берсем, баягыдай
сүйүнбөйт. Пенсиясы жетерин айтып, албай
дагы калды.

— Уулум, тиги досуң, Жумантай менен
сүйлөшпөй калдыңбы?
— Жок, азыр менин чөйрөм башка. Ал
айылдан чыкпаган бир байкуш…
— Кой балам, досту акчасына карап эмес,
сага кылган сыйына карап тандайт. Ал
экөөң чогуу мал кайтарып эле өспөдүңөрбү,
бир тууганыңдай эле болуп калган балам…
Сени сурап улам кабатыр болуп жатат…
— Ага мен эмес, акчам керек. Мына, могу
акчаны берип коюңуз.
— Кой балам антпе, Жумантайдын көңүлүндө
кири жок… Ай балам, ай, балам…
Айылга апама баргам. Чай ичип отуруп
ушинтсе ызырынып чыгып кеттим. Шаарга,
клубдарга, акчасы көп досторго жөнөдүм.

Мурда мындай сезим жок эле, менде
жалгыздык пайда боло баштады. Ооба,
толтура достор менен жүрөм, сулуу кызым
бар, бирок мен көп жалгызсырачу болдум.
Клубда жүрсөм, бийлеп жатсам деле, ичимде
жалгыздык. Кыйнала баштадым. Мени
менен эч кимдин иши жоктой. Иичмде эмне
болуп жатат бирөөсү дагы сурабайт. Апамды
сагындым. Айылга жөнөдүм.
Башым тизесинде.
— Уулум, мен сени көп акча таппа дебейм.
Тапсаң кайра жакшы, бирок сен акчага кул
болуп баратасың. Адамгерчилигиңди
жоготпо балам.
— Кул дейсизби? Мына, могу акчага толтура
нерсе, жок, бүт нерсени сатып алса болот.
Караңчы, пачка акча, мына, алыңыз апа!

— Кул дейсизби? Мына, могу акчага толтура
нерсе, жок, бүт нерсени сатып алса болот.
Караңчы, пачка акча, мына, алыңыз апа!
— Уулум, акчаңа тамак сатып аласың, бирок
табитти эмес. Мыкты деген
бейтапканаларды сатып аласың, бирок ден
соолукту эмес. Көп адамдарды жаныңа
чогулта аласың, бирок үй-бүлөңдү эмес.
Дүйнөнүн сулуу кызына үйлөнө аласың,
бирок сүйүүнү эмес. Алтындан саат сатып
аласың, бирок убакытты эмес.
Бир пачка акчаны ыргытып жиберди.
Ошондо көзүм ачылды.
Түн. Койлор маарап жатат. Ит үрүп жатат.
— Ким бул?
— Жумантай мен… Акылсыз досуң келди…

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда