Ырчы Кайрат Примбердиев Кыргызстанга кайрадан чыккынчылык кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн  фейсбук баракчасына жазды.

«Кыргызстан чыккынчылар үчүн товар болсо, эл үчүн ыйык. Бул ырчы бир жолу обу жок кылыгы менен эскертүү алды эле, экинчи жолу кайталанып жатат.

Алган наамдарынан ажыратып, Кыргызстандын аймагында маданий иш чараларга катышууга тыюу кылып, керек болсо жарандыгынан ажыратууну карап көрүш керек, мекендин кадырын ошондо билет.

Башкаларга сабак болсун. Кечирим берилбесин, биринчи жолу кечиришкен.

Кайраттын аткаруусундагы ырлар ТВ, радиолордон, КР аймагынан, ютубканал, интернет ресурстардан өчүрүлсүн. Маданият министри чукул арада чара көрсүн. Урмат Үсенов жеткирип коет деп ишенебиз», — деп жазган ал.

 

Аргумент.kg