Ырчы Анжелика: Айымдардын кордолушуна – кандай динде болбосун, айым бир гана өзү күнөөлүү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү ырчы аялдардын күйөөсү тарабынан запкы жегендердин өздөрүн күнөөлөдү. Ырчы инстаграм баракчасына мындай деп пикирин жазды:

Маанайыңыздар кандай?
Адамдын ой-жүгүртүүсү кандай бат алмашат э?
Мени такыр эле өзгөрүп, көрсөң эле даават айтса керек дегендер көп экен.
Жашоо ошондой эле туугандар, баары сонун! Өзүмө комфорт түздүм, ага сиздердин тиешеңиздер жок.
Жылуу кийинип, башымды жылуулап, чачымды жаман чаңдан таза алып эле жүрөм.
Көрсө, жоолукчандар бөлүнбөй эле, коомдо адамдар жоолукчандарды бөлүп салат тура.

Мырзаларга оңоюраак экен. Акырын намазын окуп, эл менен аралашып, сырткы келбетин өзгөртпөй жүрө берет экен.

Жыланач айымды көргөн эркектин оюу жакшы жака кетпейт. Айымдардын кордолушуна – кандай динде болбосун, айым бир гана өзү күнөөлүү. Таза , тыкан кийинип, оюңарды ачык айтып, өзүнөрдү коргогонду билиңиздер.

Дүйнөнүн бүтүндөй бузулбай турганына кимдердин салымы бар дейсиздер?

Аргумент.kg