ДомойЭкономикаКумшекердин килограмын 70 майдын литрин 130 сомдон ала аласыз дейт

Кумшекердин килограмын 70 майдын литрин 130 сомдон ала аласыз дейт

Өлкөдө кумшекердин тартыштыгынан улам баасы эки эсе өсүп кетти. Бааны токтотүү аракетинде  КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев атайын жыйын уюштурду. Анда жарандар кумшекердин килограмын 70 сомдон, майдын литрин 130 сомдон ала алыша турганын билдирди.Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-марттан тарта азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кампасынан 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы өлкө аймактарына таратыла баштайт.

“КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кампалары толукталып, азык-түлүк коопсуздугун алдын алып, жетиштүүлүгүн камсыздап турат. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен республика аймагындагы соода түйүндөрүнө жетиштүү өлчөмдө кумшекер жана өсүмдүк майы жеткирилип жатат. Кумшекердин 1 килограммы – 70 сом, өсүмдүк майынын 1 литри – 130 сомдон сатыла баштайт. Сатык баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынып турат”, — деди министр Бообек Ажикеев.

Булак: argument.kg

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда