ДомойДүйнө кабарларыТүз эфир учурунда редактор Украинадагы согушка каршы нааразычылык акциясын өткөргөн

Түз эфир учурунда редактор Украинадагы согушка каршы нааразычылык акциясын өткөргөн

Согушка каршы нааразычылык акциясы Орусиянын биринчи каналынын түз эфиринде өттү. Бул тууралуу россиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта, биринчи каналдагы «Время» программасынын эфиринде кызматкерлердин бири согушка каршы нааразылык акциясын өткөрдү. Ал телеалпаруучу Екатерина Андрееванын артында туруп, согушка каршы плакатты ачып, «согушту токтоткула» деп кыйкырган. Плакатта «Согушту токтоткула. Пропагандага ишенбегиле, бул жерде сиздерге калп айтып жатышат”,-дегун жазуу болгон. Түз эфирге мындай плакат менен чыккан редактор Марина Овсянникова экени аныкталып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Болжолдуу түрдө Биринчи каналдын кызматкерине Орусиянын куралдуу күчтөрүн дискредитациялаганы үчүн Аскердик цензура боюнча Административдик жоопкерчилик кодексинин 20.3.3 беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Булак:argument.kg

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда