Кыргыз мигранттары Россиядан массалык түрдө кайтпайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

РФдагы экономикалык ахыбалдын татаалдашы миллионго жакын кыргыз эмгек мигранттары үчүн татаал сыноолорду жаратууда. Маселен батыштын Кока кола, магдоналс өңдүү ири соода ишканалары Россиядагы ишмердүүлугүн токтотуп кетип жатканы кабарланууда. Дал ошол компанияларды кыргыз мигранттары көп санда эмгектенери белгилүү натыйжада дал ошолор иши жок калышты. Албетте бир тобу башка жумуш табышат. Бирок далайы мекенине кайтууга аргасыз. Ага кошул ташыл болуп аба каттамдарында да проблемалуу жагдайлар түзүлүүдө. Көп каттамдар жабылууда. Иштеп жаткандарынын баасы кескин  осуп кетти. Аз болобу көп болобу эмгек мигранттарынын бир тобу кайтып келсе алар Кыргызстанда эмне иш кылат. Иш тапкан күндө да айлык акылары аларды канааттандырабы? Дал ушул маселени жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев көтөрүп чыкты.

«Мигранттарыбыз эмне кыларын билбей калышты. Алардын көбү рублдин арзандаганынан улам жумушсуз калышты. Экономикалык абал начарлап кетти. Көпчүлүгү жумушун таштап же такыр эле жабылып жатат. Биздин министрлер кабинети чара көрүшү керек. Көптөгөн курулуш ишканалары жумушчулар жетишпейт деп вакансияларды жарыялоодо. Бардык жерде жумушчулар керек деген кулактандыруулар турат. Мамлекеттик органдар курулуш компаниялары менен бирге мигранттарды иш менен камсыз кылышы зарыл. Биз бул маселени тез арада чечишибиз керек», — деди Шакиев.

Мигранттар мындай айлыгы төмөн кызматтарга макул болуп иштетеби деген суроо дагы коюлуп жатат.

Булак: Аrgument.kg

Аргумент.kg