Аялдар бекер маммографиядан өтө алышат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте аялдар маммографиядан бекер өтүшөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аялдардын эл аралык күнүнө карата маммография акысыз жүргүзүлө турган Кыргыз-түрк достугунун ооруканасында болду.

«Бул иш-чара рактын алдын алуу жана Кыргызстандын кооз жарымын медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган. Апта ичинде түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлер биргеликте скрининг жана консультацияларды өткөрүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

7-марттан 11-мартка чейин 0997650000, 0312650000 номурларына алдын ала жазылып, кароодон өтө аласыздар.

Аргумент.kg