ДомойМаданиятКалемиң мыкты болсо сыйлык аласың

Калемиң мыкты болсо сыйлык аласың

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын мыкты чагылдырууга сынак жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлорунун арасында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырууга сынак жарыялайт.
Сынак жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аспектилерин ар тараптуу чагылдырууга тартуу, журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүнө колдоо көрсөтүү, алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлүүдө.
Эмгектер сынак жарыяланган күндөн тартып, 2022-жылдын 30-апрелине чейин сынактын темасы боюнча жарыяланган материалдар кабыл алынат.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
— «мыкты телепрограмма/телеберүү»;
— «мыкты радиоберүү/тематикалык берүүлөрдүн сериясы»;
— «мыкты макала/басылмалардагы макалалар сериясы»;
— «мыкты макала /электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы»;
— «мыкты жарыялоо/ социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы. («Facebook», «Instagram», «YouTube»)
Өз номинациясында 1-орунга ээ болгон сынак катышуучусуна – диплом жана 70 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, 2-орунга –диплом жана 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, ал эми 3-орунга диплом жана 35 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык (эки орун) каралган.
Сынакка катышуу үчүн материалдар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78; электрондук дареги: synak2022@gmail.com.
Сынактын жыйынтыгы сынак комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 20-майына чейин чыгарылат.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда