Сойку деген атка чыдабай төрт кыз өзүн өлтүрүүгө аракет кылган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сойкулук менен алектенет деген сөзгө териккен кыздар өз жандарын кыюга аракет кылышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Кара-Балта шаарынын ооруканасына төрт кыз ууланып түшкөн. Алар

23-жаштагы  М.М., 34-жаштагы М.Г., 26-жаштагы Т.З. жана 25-жаштагы Б.О. аттуу жарандар болгон. Дарыгерлер аларга “ өз өмурун кыюу үчүн медикаменттик ууланууга” барышканын тастыктап чыгышты. Милиция кызматкерлеринин маалыматында кыздар бирге жашап келишкен.  Азырынча эмне себептен улам ушунда кадамга барганын текшерүү иштери жүрүп жатат.  Тастыкталбаган маалыматтар боюнча жергиликтүү тургундар кыздарды сойкулук менен алектенип келгенин өгөйлөп ар кандай сөздөрдү айтып келишкен. Мындай айыптоого чыдабай алар өздөрүнүн жанын кыйганга аракет кылышкан.

Аргумент.kg