Казакстандан табылган Чолпонбек Сыдыков бүгүн Алматы шаарынан Бишкек шаарына жеткирилет. Бул тууралуу Казакстандагы КР элчилининин өкүлү Назарали Арипов жазып чыкты.
Анын маалыматында, Чолпонбек Сыдыков “Ак Жол ” өткөрүү бекетине чейин тез жардам унаасы менен жеткирилет. Андан ары атайын дарыгерлер менен тышкы иштер министринин өкүлдөрү тосуп алып ооруканага жайгаштырмакчы.
Буга чейинки маалыматтарда Чолпонбектин кабыргалары жана буту сынганы маалым болгон. Учурда тез арада операция жасоо керектигин билдиришкен.