ДомойСаясат«Эне, бүгүн сизди өлтүрөм»: Баткенде 61 жаштагы аялды канжалата сабаган жигиттин иши...

«Эне, бүгүн сизди өлтүрөм»: Баткенде 61 жаштагы аялды канжалата сабаган жигиттин иши эмне болду?

Бүгүн, 18-январь күнү Баткен облустук сотунун имаратынын жанына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы Сур айылынын сабалган 61 жаштагы тургуну Зулпия Максутованын жакындары чогулушту. Алар РИИБге жана Кадамжай райондук сотунун чечимине нааразычылыгын билдиришти.

Жабырлануучу Максутованын бир тууган эжеси Гүлүнса Маматалиеванын айтымында, аялды сабап, баарын кошуна мамлекеттин (Тажикстан) жарандары сабагандай көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Андан ары Маматалиеванын айтымында, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Бектур Кудайберген уулу иштин материалдарын жумшартылган беренеге өзгөрткөн. Натыйжада кылмышка шектүүнү камактан бошотуп, үй камагына чыгарылган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда Максутованын ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени айтылат.

Зулпия Максутованын абалы анын сиңдисинин айтымында дагы деле оор.

2021-жылдын 18-декабрынан 21-декабрына чейин Айдаркен аймактык ооруканасында, 2021-жылдын 21-декабрынан 2022-жылдын 4-январына чейин Ош облустук ооруканасында, 4-январдан 12-январга чейин шаардагы жеке менчик клиникада дарыланган. Ташкенттен 5-январда көзүнө биринчи операция жасалса, 11-январда экинчи операция жасалган. Үчүнчү операция 26-январга белгиленген. Алардын айтымында, үч операцияга 3000 доллар коротушкан.

Максутованын улуу агасы Эркин Максутовдун айтымында, карындашы шектүүнүн камактан бошотулганын укканда чочуп кеткен. Ал үйдө жана өз коопсуздугу үчүн тынчсызданууда. Анын айтымында, шектүү тарап аларга дарыланууга жана дары-дармек сатып алууга 60 миң сом берген.

18-январда Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы кылмыш ишке катышкан адамдын баш коргоо чарасын камакка алуу чечимин өзгөрттү. Анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүнө байланыштуу шектүү сот залынан камакка алынды. Ал Ош шаарындагы СИЗОго киргизилди.

Буга чейин Кадамжай районунда 61 жаштагы аялдын сабалышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Turmush басылмасына Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, 18-декабрь күнү саат 14:20 чамасында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын 30 жаштагы тургуну А.Ү. 61 жаштагы М.З.га Айдаркен шаарындагы базардан жолугуп калган. Аны «үйүңүзгө жеткирип коём» деп алдап, өзүнүн «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасына отургузган. Андан кийин Айдаркен—Сох унаа жолу аркылуу кетип бара жатканда: «Менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып, сен майып кылып койгонсуң» деп унаасын токтотуп, арткы эшигин ачып, аны сабаган.

Бул факт боюнча Кадамжай РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кылмышка шектүү А.Ү. кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ал эми сабалган Зүлпия Максутова окуяны мындайча баяндады.

«Мен кадимкидей эле Айдаркен шаарына барып, азык-түлүк алып кайттым. Саат 12:17де ал чалды: «чоң эне, ишиңиз бүттүбү? Сумкаларыңызды алып кетейин» деди. Мен ишим бүтө электигин айттым. Жарым сааттан кийин сумкаларымды алып, Чечменин таксилерине карай бастым. Кетип жатсам, ошол бала кайдан-жайдан пайда болуп калды. «Чоң эне мен өзүм алып кетем» деп колумдагы баштыкты алды. Андан ары айыл тарапка жөнөдүк. Кетип жатып эле тоонун ичине айдады. «Ай балам, кайда кетип жатасың?» десем, «мен Жалал аяш атамдын үйүнө баштык таштап коеюн» деди. Ал аяш атасынын үйүнө түшкөн дагы жок, чалган дагы жок. «Кыштоодогу үйүндө окшойт, кыштоого барайын» деди. Андан ары унаасын токтотту дагы, желкемден кармап алып башыма сүзө берди. «Балам, энеге мындай кылып жатасың?» десем, «эне, бүгүн сизди өлтүрөм, өлтүрөм деп чыккам» деди. Желим баштыкта этим бар эле, аны төгүп салып, башыма кийигизди. Аны жыртып салсам, чоң скотчту алып, колумду скотчтоду. Каршылык кылып, колумду чыгарып алдым. Андан кийин моюн орогуч менен бууду. Андан да чыгып кеттим. Андан соң жоокерлер кийчү батинке менен оң жагыма тээп, эки отургучтун ортосуна кысты. Ошол кездерде көзүм көрбөй калды. Унаасын айдап бир жерге келди, адам көбөйдү. Ошону менен эле ооруканага жеткирип коюшту окшойт», — деген Максутова.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда