ДомойСаясатМадумаров төртүнчү ирет сурак берүүгө кирип кетти

Мадумаров төртүнчү ирет сурак берүүгө кирип кетти

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан МадумаровБашкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды. Бул анын өткөн аптанын жума күнүнөн берки төртүнчү сурагы.

Саясатчы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары суракка чакырылууда.

Кечээ, 17-январда Адахан Мадумаровсурактан чыккандан кийин «Мен Садыр Жапаровдун башкы прокурор болуп калганын билбептирмин» деп комментарий берген. Ошондой эле, кечээ, 17-январда президент Садыр Жапаровдунбасылмалардын бирине берген маеги жарыяланган. Ал Мадумаров кол койгон протоколду чыккынчылык деп баалаган.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда