Коргоо министри Бекболотов болсо, кошуна өлкөлөр тоготмок беле?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Чоң үйдөгү күлсө, кичүү үйдөгү ырсаят” дегендей, өткөн аптада Жогорку Кеңеште кызык көрүнүш болду. Камчыбек Ташиев кайсы бир депутаттын сандырактаган сөзүнө жылмайса, жанындагы коргоо министри Бактыбек Бекболотов коштой каткырып, купшуңдап отурду. Ушундай министр бар экен. Бул каяктан келген? Аталган системада төбөсү көрүнө эмгек жасабаса, эрдиги жок болсо, көчөдөн келип эле куралдуу күчтөрүбүздү башкара береби? Аскер адамдарынын арасында деле аброю жок экен. Чыныгы кесипкөй, профессионал кадрлар четте калып, таанышы барлар алдыга суурулуп чыгууда. Же жарашсачы… Коргоо министринин кебетеси бул болсо, анан кошуна өлкөлөр тоготмок беле? Акыл калчасак…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg