Алматыдан дайынсыз болуп жаткан Чолпонбек Сыдыков изделүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алматыдагы коогаланда кармалып кеткен Чолпонбек Сыдыков изделүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматта,  коолагаңдан кийин Чолпонбек Сыдыковду казак жоокерлери салып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын Айгүл Сартбаева билдирген. Анын айтуусунда Чолпонбектин каттоо мөөнөтү бүтүп калгандыктан Бишкекке жолго чыккан.Таксист аны шаардын четиндеги көзөмөл-өткөрүү пунктуна түшүрүп салган. Андан соң Чолпонбек кармалып, баш аламандыкка катыштыгы бар-жогун текшерүү үчүн Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев дипломаттар кыргызстандык жаранды кызуу издеп жатканын, бирок азырынча жыйынтык жок экенин белгиледи.

КР Тышкы иштер министрлиги бул маселени көзөмөлгө алууда.

Аргумент.kg