ДомойКоомАпам аялым экөөбүздү үйдөн чыгарып салбаганда мындай болбойт болчу

Апам аялым экөөбүздү үйдөн чыгарып салбаганда мындай болбойт болчу

Өзүмдүн окуямды жазсам мүмкүн башкаларга сабак болор. Анда сөз башынан болсун.
Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Эжем, эки иним жана жалгыз карындашым бар. Эжем өз
турмушун түзүп кеткен. Атабыз биз кичинекей кезде кайтыш болгон.
Чоңойдук. Мен үй-бүлө курдум. Башында жашообуз бир калыпта болчу. Туруктуу жумушум, айына 15000-20000 сом кирешем бар. Үйдүн улуусу болгон үчүн түйшүктүн баары менин моюнумда. Атамдан калган мал-жанды, материалдык байлыкты туура колдонууга аракетимди
жумшачумун.
Бир күнү иним машинаны сураганда бербей койгом. Ошондон улам тынч уябыздан чыр чыкты. Апам иниме болушуп туруп алды. Ушул эле жетишпей жаткансып эртеси эле жумуштан чыгып
калдым. Ага да чөкпөй, аз айлыкка макул болуп, башка ишке кирип алдым.
Жумуштан келсем, иним менен апам машинаны, малдарды сатып «крутой» машина алабыз деп
кеңешип, чечип коюшуптур. Ары айттым, бери айттым ойлорунан кайтпай коюшту. Жиним
менен инимди чаап жибердим. Апам болуша:
— Мал, атаңдан калган байлыктын баары иниңдики.
— Апа, түшүнсөңүз, мага ишенсеңер, мал-жан жок кыйналып калабыз.
— Жок, биз сүйлөшүп койдук.

карап сүйлөгөндөн уялат. Мен аны күнөөлөбөйм, болгону өткөндөн сабак алып, түшүнсө экен
дейм.
Башкаларга айтарым акча колдун кири экенин унутпагыла. Бир туугандар бири-бириңерден байлык талашпагыла. Андан көрө бири-бириңерди көтөрүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болугула.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда