Талант Мамытов ашып кетсе бир жыл спикер болору болжонууда

Талант Мамытов ашып кетсе бир жыл спикер болору болжонууда

13-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Парламенттин спикерлигине Талант Мамытовдун шайланышы эки достун ортосуна учкай түшүнбөстүк жаратканы канкууланган. Коомчулукта да ар кандай сөз айтылып, көп нерсе жабылуу бойдон ачыкка чыкпай калды.

Сыягы, ич ара түшүнүшүү орун алгандай. Бирок, айрым депутаттардын айтымында, Талант Мамытов ашып кетсе бир жыл Жогорку Кеңештин төрагасы болору, андан көпкө узабасы болжолдонууда.

Бир мандаттуу округдардан шайланып келген көпчүлүк эл өкүлдөрү, фракциялар да анчейин колдоого албай жатышканы бекеринен эмес го? Бийлик күчүнө толук кандуу киргенде алмашат сыңарындай.

Булак: Азия News гезити