Дайыны чыкпай калган Мадумаров мындан ары да үндөбөсө экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коңшу өлкөнүн тынчтыгы кетип, эл менен бийлик кагылышып адам өлдү. Казакстандын эли диктаторлук бийликти алып ыргытууга жасаган аракети оңунан чыккан жок.
Ал арада Кыргызстандын эли социалдык тармактарда казак элине тынчтык тилеп, бирге экендиктерин билдирип жатышты. Демейде жумурткадан кыр издеп, бийликтин кылган ишине сын такчу Адахан Мадумарову да, Орозайым Нарматовасы да дайынсыз. Бир тууган казак эли кан жутуп турганда кайрат айтканга жарабаган кишилер экен деген сөздөр социалдык тармактарда уламдан улам көбөйүүдө.
Бул күндөрү кыргыз бийлиги болуп көрбөгөнөдөй чечкиндүүлүктү көрсөттү. Казакстанга ОДКБнын мүчөсү катары аскерин жиберген менен анын чогулушуна катышкан жок. Кыргыз жаранынын мыйзамсыз абакта отургандыгы тууралуу нота жиберип, аны бошоттуруп мекенине алып келди. Андан сырткары кыргыз жарандарын Кыргызстанга эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.
Биздин оппозиция сөрөйлөрүбүз бир алгылыктуу иш кылмак турсун жакшыраак сөзүн да аяп коңулда олтурушат. Эмне дейбиз кыргыз бийлигине, ажобузга рахмат дейбиз. Кырчаңгыланып турчу Мадумаров, Текебаев, Сооронкуловалар сыяктуулар азыркысындай оозу жабылса жакшы болмок.

Касымбек Жумаев

Аргумент.kg