Курбумду агама өзүм алакачып бергем күнөөлүмүн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө оокатка тың, оор басырыктуу курбум бар эле. Экөөбүз төрт жыл бою эгиз козудай ээрчишип жүрдүк. Кийин жумушка орношуп эки жакка кеттик.  Негедир тез-тез жолугушуп турчубуз. Биздин жолугушууда сөзүбүз түгөнбөй божурашып бир топко отурчу элек. Женем кетип калганы агам бой жүрдү. Агам эртең менен кетип кечинде кеч келет же келбей калат, айтор анын кыялын деле көрбөптүрмүн. Бир жолу агамдын курбумду суктана карап жатканын байкап калдым. Курбум бой салбай койду окшойт, үйгө келбей баштады. Бул окуяны апама айтсам солоктоп бой жүрбөй үйлөнсүн курбуңду макул кыл деди. Курбума айтсам таптакыр ынабады. Агам болсо курбум жага турганын айтты. Айтор курбуму айылга конокко барып кел мени менен деп өзүм үйгө ээрчитип келдим. өз колум менен агама алакачып бердим. Мага таарынганы менен акыры мени менен сүйлөшүп кечирди. Эки жылдай бактылуу жашашты. Үчүнчү жыл дегенде агам башка бирөөнү жактырып калганын айтып үйдөн чыгып кетти. Жеңем бир кыз менен жалгыз калды. Бул кезде мен да бүлөлүү болуп калган элем. Бир чети жеңем, бир четинен сырдашкан курбум деп үйгө тынбай барып каралашканым менен барган сайын жеңемдин кыйналганын көргөндө жан дүйнөм ооруп жакын курбумду бир тууганыма ыраа көрөм деп бактысына балта чапканымды түшүндүм. Агам болсо дагы бир жаш кызга үйлөнүп алды.

Аргумент.kg