ДомойКоомАртур Медетбеков: “Диний радикализмге каршы баарыбыз биргелешип күрөшөлү”

Артур Медетбеков: “Диний радикализмге каршы баарыбыз биргелешип күрөшөлү”

— Артур мырза, өткөн жыл сиз үчүн эмнеси менен эсиңизде калды?

— 2021-жыл жеке эле мен эмес, бүткүл кыргыз элине шайлоо жылы катары көңүлүбүзгө орноду. Себеби, январдан баштап ноябрь айынын аягына чейин президенттик жарыштан башталып, жергиликтүү жана парламенттик шайлоо процесстери менен бүттү. Негизгиси, шайлоо шаанисиндеги шайтан иштерин былгытып чыгарган БШК Кыргызстандагы ар бир жаранды кыжырдантса керек. Экинчиси, 2021-жылдын 29-30-апрелинде кыргыз мамлекетине бизге коңшу мамлекет агрессиялык түрдө кол салып, жергебизге кирип келип, үйлөрдү, административдик имараттарды өрттөп, миңдеген мал-жандыкты уурдап, андан тышкары, эң трагедия жараткан 36 кишинин өмүрүн алып кетти. Бул боюнча ошол убактагы бийлик эч кандай орчундуу, жогорку деңгээлде жооп бере алган жок. Тилекке каршы, бул окуя дайыма ар бир кыргыздын эсинде кала берет да, тарых баарын тастыктайт. Үчүнчүсү, социалдык, экономикалык жана энергетикалык каатчылыктын өтө курчуп кетиши, сатылбаган, кайда кеткени белгисиз сууну казактар “700 миллиондой куб сууну Кыргызстандан сатып алдык” деп расмий түрдө коомчулукка айтып турганы, ал эми биздин энергетика министри “мен эч нерсе билбейм, көргөнүм жок” дегени менен көп нерсе ачыкка чыгып калды. Бул да болсо биздин элдин эсинде калды.

— Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш Баткен жана Лейлек райондору, деги эле чек ара маселеси тынчып калгандай, бул боюнча кыска ой толгооңуз?..

— Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы демаркация, делимитация боюнча түзүлгөн комиссиялар бир нече жылдар бою чек ара алкагында талаш-тартыш болгон маселелерди чечүү аракетин кылып жатышат. Дагы деле ойдогудай чечиле элек. Апрель айынын аягында болгон окуядан кийин эки мамлекет ортосундагы катташуу кескин токтоду. Кыргызстан чек араны жапты, мамилелер да салкындады. Тажикстан бийлиги өздөрүнүн аскерлерин, курал жарактарын күчтөнтүп, чек арага жакын жайгаштырганы Кыргызстанга потенциалдуу түрдө коркунуч жаратууда. Ал ортодо чек арада бирин-серин чакан конфиликттер да болуп кетти. Ошону менен бирге Кыргызстан да жөн туруп алган жок. Чек араны бекемдөөдө, өз элин, жерин коргоодо баардык даярдыктарды көрүүгө шарттарын түзүп жатат (!) десем жаңылышпайм. Себеби, эки мамлекет ортосундагы чакан конфиликттер чоң жаңжалга айланып кетпесине эч ким кепилдик бере албайт. Биз баардыгына даяр турушубуз керек. Ошол эле учурда биздин мамлекет дипломатиялык, тынчтык жолу менен демаркация, делимитация маселелерин чечүүгө дээрлик ыкчам аракеттерин жасоосу зарыл. Баарыбызга белгилүү, согуш менен эч убакта эч нерсе бүтпөйт, чечилбейт. Кандай гана согуш болбосун, баардыгы тынчтык жолу менен бүтөт. Ошон үчүн азыркы мезгилде эч кандай конфиликт чыгарбай, кандуу окуяларга барбай, эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык каналдар туура багытта талданып, натыйжалуу чечим чыгара билишсе, 2022-жыл жемиштүү жылдардан болуп калышы ыктымал.

— Диний радикализмдин ишмердүүлүгү кооптуу экенин айтпасак да түшүнүктүү. Мамлекет кандай чара көрүп атканын байкай алдыңыз?

— Диний радикализм бүгүнкү күндө өтө курч жана татаал маселе болуп эсептелет. Өзгөчө Кыргызстан үчүн. Себеби, Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан демократиялык принциптерин сактай алган жана ошонун негизинде өнүгө баштаган мамлекеттердин бири болуп эсептелгенден кийин, көптөгөн динди жамынган “сакалчандар” экстремизм менен радикализмди колдонушуп, ошонун негизинде башка чет мамлекеттерге барып келип, ал жактан окуу жайларын бүтүрүп жатышат. Миңге жакын биздин замандаштарыбыз Сирия, Ирак, Афганистанда согушуп, ал жерден тарбия, тажрыйба алышып, ошол идеяны өркүндөтүп өстүргөнгө, анын ичинде маалымат ресурстары менен же жеке мобилдик телефон аркылуу соцтармактар жаатына тыгыз байланышып, өздөрүнүн жактоочуларын, буларга ишенген адамдарды алдашып, азгырып жиберүүгө далалат кылышканы – бүгүнкү күндө болуп жаткан иш. Ошону менен бирге аларга каршы чыгып, токтотуу боюнча алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча укук коргоо органдары акыркы убакта иштерин жүргүзө баштады. Бирок, мындай демилге канчалык деңгээлде жемиштүү, дегеле орчундуу жыйынтыгын көрсөтүүгө убакыт керек. Коомчулукка билинбегени менен бул боюнча атайын кызматтын жөнөкөй адистери күнү-түнү туура багытты алышып, иштерди жүргүзүп келишет. Тилекке каршы, биздин жергиликтүү административдик органдар, коомчулук кайдыгер караганы абдан туура эмес да. Себеби, диний радикализм булагын, экстремисттик, террористтик идеяларды алып барган уюмдарды мамлекет жеке эле укук коргоо органдарына тапшырып койбой, коомчулук да, эл да, муфтият дагы туура багыттагы биргелешкен бир позициядагы иштерди алып барышса, анда биз диний радикализмди, экстремизмди пайыздык негизде төмөндөтүп коёт элек.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда