Курманбек Бакиевдин бийлигинен бери улам келген президенттердин тилип таап, олигархка айланган Азамат Арапбаевдин мыйзамсыз байыганы боюнча күч органдары негедир кызыкпай келишет. Атамбаевдин доорунда ири имараттарга, байлыктарга жеткени жалганбы? Кийин Сокенин кезинде тапкан-ташыганын чет өлкөгө да чыгарганы каңкууланган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясына 2 миллион доллар коротуп, добуш сатууга шугулданганын “Bespredel.kg” баракчасы жазып чыкты го? Бул суроолор кабыргасынан коюлса, анан соцтармактагы талкууларга күч органдары кызыгып көрүшпөйбү? Бакиев режиминен бери Арапбаев аттан түшпөй, депутаттык кол тийбестигин пайдалануу менен мамлекеттин эсебинен байып, президент, премьер-министрлердин аркасынан бизнесин гүлдөтүп келгенин кантип жашырабыз? Бул жагынан тийешелүү күч кызматкерлери дыкат иликтөө кылышпайбы? Ошондо “Коррупция”, “Мыйзамсыз баюу” беренелерине бапташып, мамлекетке миллиарддарды “кусуп” берет беле? Же “көмүскөдөн” тил табышып алдыбы? Соболдор жерде калбаса керек. Кара кылды как жарган жыйынтык чыгарына ишеним күч. Азырынча…
«Азия Ньюс» гезити