— Саламатсызбы мага кеңеш берип койунузчу сураныч. Мен ден- соолука байланыштуу турмушка чыкпай көп жылдар депрессияда жүргөм. Чынын да мындай болуума көп тартынчаактыгым да себеп болду окшойт. Азыр эми жашым өтүп кетти 2022-жылы 34 чыгам. Сүйгөнумдү таптым, ата-энелерибизге тааныштырдык бири-бирибизди, жайында той буйруса.
Ошол той темасы мени ойго салат, курбуларым үй бүлөлүү болушкан, бойдоктору жок.
Суроом: Кыз узатуу той менен кетсем уят эмеспи, антпесем да болбойт, анткени түндүк жакка кетем. Туугандардан бата алуум керек.
Элестете албайм 34 жашта той кандай болот. Анан дагы Нарын жергесинин келин алуудагы салттарын айта кетсеңер. Рахмат!