ДомойКоомБазарчы кызга күйөөмдү тарттырып ийдим

Базарчы кызга күйөөмдү тарттырып ийдим

Эки балалуу болгондон кийин мамлекеттик жумуш менен балдарыбызды бага албай акыры жумуш ордубузду базарга алмаштырдык. Биз тытынып иштеп бир айда тапкан акчаны базарда бир жумада кээде эки күндө таап жаттык. Ошентип экөөлөп иштеп үй алдык. Үчүнчү баламды төрөп үйдө отуруп калганы күйөөм өзгөрө баштады. Кээде келбей да калчу болду. Көрсө базарда иштеген жалпы тааныш кыз менен жакындашып кетиптир. Бир жылга жетпей күйөөм аны ээрчип Россияга кетип калды. Бир жашар баламды көтөрүп алып иштедим. Азыр балдарым чоңоюп кенен басып иштеп калдым, күйөөм болсо ал кыздан кийин да эки аял алды. Кайын журтума кайрылып келет кечир дейт кантип кечирем.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда