Күйөөм мага чейин үч аял алганын жашырып келиптир

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин экинчи турмушум. Биринчи турмушум болбой калып эки кыз менен сегиз жыл мурун эки айрылыш жолго түшкөм. Убакытын өтүшу менен азыркы күйөөм мени өзүнө багындырып алды. Болгондо да турмушка чыга электе кайненем таанышып, өз кызындай көрө турганын келиндүү болууну көптөн бери кыялданарын айтып келчү. Күйөөм болсо буга чейинки аялы төрөй албай өзу кеткенин айткан эле. Кундө гүл алып келип, кыз жигит доорун кайрадан тартуулап, мени жаш кызды алып кеткендей сөйкө салып алып кетти. Кайненем мени төркүлөтуп келгенде «ушундай кызды тарбиялап мага келин кылып бергениңерге эки дүйнө ыразымын»-деп ыйлап алардын да көңүлүн алган. Мен да ушул сөзгө ишенгем. Бирок жашоодо андай болгон жок. Булардын баары жасалма болуп калды. Кайненем кыздарынды кошо алабыз дешкенинен улуу кызымды ата-энеме калтырып кичүүсун алып келгем. Кызымды батырбай кагып силкет. Кызым бир жумада эле жүдөп кетти. Кайра тайнесиникине кетип калды. Жумушумдун жарымынан көбү телефондон бутчү. Айласы кеткенде сокур болгуча телефон тиктейт деп асылат. Тамак жасасам тузу кем, калемпири көп дегендей шылтоо таап күйөөм экөөбүздүн арабызды алыстата берди. Кошуна эже менен кээде учурашып калчумун. Бир күнү соода кылып жаткан жериме келип калыптыр. Биринчи жолу сүйлөшүп ал эжеге жашоомдогу кыйынчылыктарды айтып калдым. Эже болсо мага чейин үч келинди ушинтип кылдан кыйкым таап кетиргенин, алар кетип жатканда себин бербей үйдүн жарымын кооздоп турган оокаттар аларга таандык экенин айтты. Ичимде калды. Бир жыл дегенде кайненеме чыдай албай кетким келди. Бирок ата-энем эл эмне дейт чыдап жаша кайра-кайра эрге тие бербей деди. Азыр өзүмчө батирге чыгып жашап жатам. Күйөөм бир кун кайненемдин кашында бир күн менин кашымда отурат. Айтор күйөө деген аты гана болбосо ордун боштук ээлеп калды. Арманымды эч кимге айта албайм. Кандай чечим чыгарарымды билбей отурам?

Аргумент.kg