Сокулук районундагы 17 жаштагы кызды зордуктаганга шектүү кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти. Бул тууралуу айыл тургундарынын бири билдирди.
“Кечээ оокаттарын ташып жатышкан. Бүгүн үйүнө кулпу салып, көчүп кетишиптир. Болжолдуу маалыматтарга карганда Бишкек шаарына кетишти”, – деди айыл тургуну.
7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.
Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.
Булак: Super.kg