«9 жаштагы Сумай табылды… сөөгүн дарыя алып кеткен. Ал суук мезгилде дарыяга кантип барышы белгисиз бойдон калууда. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам», — деп жазган укук коргоочу өз баракчасында.
Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аны 27-ноябрда Арал айылынын аймагынан, Көгарт дарыясынын жээгинен табышкан. Сөөктү кыздын атасы тааныган.
Сумая Хосилжанова 18-ноябрда мектепке барып, дайынсыз жоголгон. Туугандары кызды табууга жардам берүү өтүнүчү менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.