ДомойКоомКүйөөм мурунку никемдеги уулумду жээрип жатат?

Күйөөм мурунку никемдеги уулумду жээрип жатат?

Жашоодо тагдыр биз ойлогондой болбойт экен. Тагдырыма жазылган чыйыр жол менен экинчи жолу турмушка чыктым. Бул жолу жети өлчөп бир кесип көпкө ойлонуп анан кадам таштагам. Бул адамдын мурунку турмушунан үч кыз бир уул бар. Аялы каза болуп калыптыр. Биз таанышканда эле менин уулум бар экенин айткам. Баарын туура түшүндүк деп ойлогом, көрсө жаңылыптырмын. Анын төрт баласына апа ордуна апа болууга аракет кылып, кыздарынын көңүлүн алып жашап жтам. Анын уулу менен менен уулум тең чамалаш болгонго экөө кээде уруша кетишет. Ушундайда күйөөм өзүнун уулуна болушуп менин уулума зирпилдеп жүрдү. Өткөндө эки бала дагы уруша кетип уулум кийинки уулумду бир чаап ийди. Мен арачалаганча күйөөм уулумду учура чапты. Мен мындайды күткөн эмесмин. Жүрөгүм тилинди бирок, тилимди кысып унчукпай калдым. Эми уулумду жээрип, көрсөм жиним келип жатат деп эле кулагымдын кужурун алып жатат. Кээде отуруп анын балдары бала менин балам бала эмес бекен деген да ойлор келчү болду. Кеч боло электе түйунчөгүмдү түйуп кете берсемби деп да жатам. Уулум чүнчуп жүдөп кетти.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда