ДомойКоомБайлыкка кызыккан 24 жаштагы жигит 83 жаштагы байбичеге үйлөндү

Байлыкка кызыккан 24 жаштагы жигит 83 жаштагы байбичеге үйлөндү

Байлыгын алып калуу үчүн 24 жаштагы жигит  83 жаштагы аталаш чон энесине үйлөнгөн Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, бул окуя Украинын Винницкой областуна караштуу Байковка айылында болгон.

 

Чон апа менен неберенин үйлөнүшү айыл тургундарын бир топ таңгалдырган. Ар кандай версиялар да айтылып келет. Ал эми жаш жубайлар ортолорунда чыныгы сүйүү бар экенин айтып, мындан ары бактылуу жашай тургандарын кабарлашкан. Булардын сүйүүсу шек жаратып, жигит армияга баруудан качып 22 жашында 79 жаштагы майыптыгы бар кемпирге үйлөнуп аны өз камкордугуна алып армиядан калып калган дешсе, кошуналары Зинаиданын бир тууган балдары жок экенин айтып анын байлыгын алып калуу максатында жаш жигит үйлөнгөнүн айтышат.

Мындай ойго келбеген нике айыл тургундарын гана эмес чет элдик телеканалдар да кызыгышкан. Алардын бири келип атайын сюжнт жасаган кезде жаш жубайлар эки жыл мурун расмий турдө никеге туруп, кадимки жаш жубайлар сыяктуу бактылуу өмүр сүрүп жатышканын билдиришкен.  Ошондой эле жаш курак алар үчүн маанилүү эместигин далилдей турганын да кошумчалашкан.

Кошуналары жашы өйдөлөп калган майып байбиченин мындай кадамга барышы акылга сыйбай турган иш экенин айтышуу менен бирге жаш күйөө кемпирдин байлыгына кызыгып жатканын божомолдошот. Анткени ушунча жыл Зинаиданын үйүнө бир да жакындары келген эмес. Анын үй-бүлөсү, балдары болгон эмес.

 

Ал эми аскер комиссары Александр Данилюк журналистерге берген маегинде көп жылдан бери иштеп жүруп мындай окуяга биринчи жолу кабылганын билдирген. Аскерге чакырылган жигит нике кагазын көтөруп келгенин айткан.

“Нике күбөлүктө жигит 1995-жылы туулган, ал эми колуктусу 1938-жылы төрөлгөн деп жазылып турат. Колукту биринчи топтогу майын экени да көрсөтулгөн”-деп билдирет аскер комиссариаты.

 

Ал эми нике бөлүмундөгулөр болсо чынында эле айтылган жубайлар катталганын билдиришип, бирок эч кандай той асемин кылбаганын тастыкташкан.

“Ким кимге үйлөнөт өз эрки, биз болгону алардын документтери туура келсе никеге каттай беребиз. Алардын баардык документтери мыйзамга туура келип турат, биз алардан баш тартканга укугубуз жок”-деп жооп беришкен.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда