ДомойСаясатСыймык Жапыкеев акчанын күчү менен бир мандаттуу округдан шайлоого аттанабы?

Сыймык Жапыкеев акчанын күчү менен бир мандаттуу округдан шайлоого аттанабы?

Былтыркы төңкөрүштөн кийин финполицияны жарым жыл жетектей калган Сыймык Жапыкеев байып, генерал-майор чин-даражасын да алган. Андан соң аз убакытка Ысык-Көл облусунун прокурору болду. Кызматка кул эместей таризде текеберлене кеткен.

Жаз, жай айлары жер кыдырып, чер жаза эс алгандан кийин парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан чыга турганы айтылууда. Кичи мекени Тоң, Жети-Өгүз аймагынан ат салышса, каражаты кыйла жетери алдыртан болжонууда. Бери жагы 300-400 миң доллар чачышы мүмкүн.

Бирок, Сыймык Жапыкеевдин былтыркыдай саясий рейтинги жок, соцтармакка пикир жазса, же сүрөтүн илсе эле көпчүлүктөн жеме угуп, таландыда калып жатканы жашыруун эмес. Бийликке оппозиция катары аттанууга даабай турат. Сыягы, биз билбеген да «илинчээги» барбы?

Булак: Азия News гезити 

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда