ДомойКоомЖоголгон адам кызды эки жумадан ашуун туткундап, зордуктап келген

Жоголгон адам кызды эки жумадан ашуун туткундап, зордуктап келген

Жоголду деп аялы издөөгө салган адам интернеттен таанышкан кызды туткунга алып зордуктап келген. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматта, Нижне Новгород аймагынын тургуну күйөөсү жумушка кеткен бойдон кайтып келбегенин. Эки күндөн бери телефону өчүк болуп байланышка да чыга албай койгонун айтып милицияга кайрылган. Милиция кызматкерлери бир жумадан ашуун издеп, акыры Приокск районунун унаа токтотуучу гарадарынын биринен табышкан. Ал гараждын ичине эки жумадан ашуун интернет аркылуу таанышкан кызды коркутуу менен туткунга алып жашаган. Ошондой эле туткунга алгын кызды зордуктап келген. Сурак учурунда ал кыз менен интернет айдыңынан таанышып, өзүн бойдок экенин айтып жолугушууга чакырган. Жолугушуу учунуда кызга бычак такап унаа салып кетип, ээн турган гараждардын бирине алып барып өз каалоосун кылып жүргөн. Учурда жабырлануучу ооруканада психологдордун көзөмөлүндө, ал эми шектүү убактылуу камоочу жайга киргизилип тергөө иши башталган.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда