Абысыным мени коргоп бул ишке барганына таң калдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Эмне деди? Ыйлап сүйлөй албайм. — Тийдиби? — Жооок… — Урдубу? Чаптыбы? — Жоок… — Жүр! Каерден болду? Көрсөт мага. — Абысынымды алдыга салып баратам. Бир туруп күлкүм келет. Мени ушинтип ар дайым коргоп эле басып жүрөт. Магазинге кирип бараткам. Алдында эки киши турган. Бир маалда бирөөсү сумкамды тартып алды. Бер десем, экинчисине ыргытты. Анан милиция чакырам десем кайтарып берип каткырышты. Ушундай жаман болдум. Ыйлагым келди. Эмне кылышты билбедим. Күйөөмө чалайын дедим, бирок алыста жүргөндө кабатыр кылгым келбеди. Дароо абысыным эсиме түштү. Үйүнө жөнөдүм. Абысынымды бир көргөндө эле жактыргам. Жаңы келин болуп келгенде дароо көзүмө түшкөн. Бир үйдү тейлеп, конокторду жайгаштырып баарына жетишип жүргөн. Келиндер бир жерге чогулуп отура калса, «ушактарыңарды биздин артыбыздан айтасыңар» деп, баарын жумушка салып жатты. «Жаңы келинди иштетпейсиңби» дешсе, «жаңы келин силерге кул беле, аны сыйлаш керек» дегенде оозум ачылган. Абысынымдан коркушат, ошон үчүн мага эч ким сүйлөй албайт. Конокторго барсам, идиш жуубайм, төрдө отурам. Абысынымдай болгум келет. Өз оюн тайткан, жумушту майын чыгара жасаган, ачык сүйлөгөн, эч нерседен коркпогон аял. Көйгөйлөрүмдү айтып барсам, «ушул дагы кеппи» деп, кеңеш берип койсо, көзүм ачылып калат. «Өзүңдү басынтууга эч качан жол бербе» деп турат. Барсак тигил экөө туруптур. «Апаңды ээрчитип келдиңби» деп каткырышты. Ичимдеги баланы ойлодум. Болбосо мен деле жообун берет элем. Абысыным «мага кой деп» алар менен сүйлөшкөнү басып кетти. Айыппул төлөп беришти. Милицияга барганда экөө тең кечирим сурап көздөрү алайып чыкты. Абысыным милицияга алып барганга чейин жакшы эле сүйлөштү. Ал жагын айтпай эле коеюн. Эч нерседен коркпой мени коргоду. Деги эле ар дайым мени коргоп басып жүрөт. Бул үчүн ага чексиз ыраазымын. Абысындар дос болбойт дешет эле, мен буга кошулбайм. Менин абысыным https://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg