Өгөй апамды мурдагыдан да жакшы көрүп, боздоп ыйлап алдым…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн менин жашоомдо эң кыйын сыноо болду, апам кайтыш болду. Жаш болсом жер тепкилеп бакырып ыйлап, бугумду чыгарып алсам керек. Азыр өзүм кайнене, таене, чоң энемин. Ичим ачышып, ичимден күйүп, үн чыгарып, кошок кошуп жаттым. Апамды тамашалап, ар нерсени айтып күлдүрчү элем, баары көз алдыман өтүп жатты. Курдашым, сырдашым эле болгон, көйгөйүмдү айтсам бир тыянак чыгарып чечип, көңүлүңдү көтөрүп койчу. Айла жок турмуштун мыйзамы тура, баш ийип кала берет экенбиз да.

Баарынан кызыгы апамды коюп келгенде башталды. Апамдын улуу агасы бар эле (ал деле бир топко келип калды) ошол баарыбызды чогултуп сөз баштады. “Муну мурда эле айтыш керек эле, сыр болуп келди, эми мен айтайын. Бул силердин өгөй апаңар” деди. Бир туугандар башка чапкандай эле отуруп калдык. “Кандайча?” деп таңкала суроо узаттым. Атам, апамдар жайлоодо экен. Апамдын бир оорусу бар экен, эмне оору экенин эч ким деле билбейт. Ошол оорусунан жакшы болуп, “айыктым” деп жайлоого чыгып кетиптир. Бир күнү ошол оорусу кармап калып, сууга агып кетип каза болгон экен. Ал кезде агам 6да, мен 4тө, иним 2де, кичүү сиңдим 5 айлык калыптырбыз. “Балдары жаш калды” деп азыркы каза болгон апамды алып беришкен экен. Бул апамдын боюнда 4 ай болгон кезде атам карагайга барып, көчкүдө калып каза болуптур. Ошону менен апам бир кыз төрөп, беш жетимди жетелеп чоңойткон экен. Муну угуп, бири-бирибизди карап калдык. Апамдын өгөй экенине эч ишенбей отурдум. Бизде “өгөй эне” деп ташбоор, жаман аялды элестетебиз. Атаман жаш калып, майда жетимдерди мойнуна алып, багып алган апамды мурдагыдан да жакшы көрүп ыйлап алдым. Агам экөөбүз кол арага жарап калганда, араба менен сайга барып суу апкелер элек. Үшүп келсем, “кел, колуңду жылытып берейин” деп чөнтөгүн ачып калар эле. Мен апамды кучактап алып, колумду чөнтөгүнө салып жылытаар элем. Эмне иш кылсак да чогуу кылар элек, ошол тарбиясынын бизге чоң салымы бар. Агам менен иним отун жарса биз жыйначубуз. Картошка отоп, түптөп, баарын өзүбүз эле бүтүрүп алчубуз. “Жетим жетилет” дегендей, Кудайдын көзү түз болуп, баары ойдогудай болуп чоңойдук, очор-бачар болуп көбөйдүк. Апам да биздин бактыбызды тилей берчү.

Бүгүн болсо мындай кабар угуп, уккан кулагыма ишенбей отурам. Ушу убакытка чейин эч нерсесин билгизбей чоңойткон апама таң берип, ыраазы болуп отурдум. Апамдын жакшы көргөн жоолугу бар болчу, мен студент болуп жаңы жылга көйнөк тиктирип берди, ал кезде азыркыдай көп нерсе жок. Кооздогонго ошол жоолугунун жылтырактарын бирден сыйрып берген эле. Ушуларын эстеп ыйлап отурсам, “апаңар өгөй болчу” дегенде башка дүйнөгө келип калгандай болдум. Мейли, өгөй болсо да өз балдарындай өстүргөн апама башымды ийип таазим кылам, жанаттан орун берсин (!) деп дуба кылам. Жаным апам, менин жашоомдо мен үчүн “апам” бойдон каласыз. Жаткан жериңиз жайлуу болуп, топурагыңыз торко болсун, жаным апам!

Саламат, 24-июнь 2021-жыл, Москва 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg