ДомойЭкономикаЭми кумшекер 54 сомдон жогору сатылбайт

Эми кумшекер 54 сомдон жогору сатылбайт

Мамлекеттик жөнгө салуунун жана социалдык маанилүү товарларга бааны стабилдештирүүнүн алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги негизги азык -түлүк товарларына бааны ооздуктоо боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Баанын мониторингинин жыйынтыгында, кумшекердин республикада орточо рыноктук чекене баасы килограммына 61,9 сом экени белгилүү болду. Ошол эле учурда чекене түйүндөр үчүн «Коша» ААК менен дүң сатуу баасы килограммына 52 сомго чейин төмөндөтүлдү.

«Төмөндөө 2021 -жылдын 1 -июлунан 31 -августуна чейин чийки камыш кантын кошкондо, салык салынуучу берүүлөргө жана импортко кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын белгилеген Министрлер Кабинетинин токтомунун кабыл алынышына байланыштуу. Ошондуктан, мамлекеттик агенттик чекене соода түйүндөрүнө кумшекерди 54 сомго чейин сатууну сунуштады », — деп айтылат билдирүүдө.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда