ДомойКоомАяшым сойкуканада иштегенин досума кантип айтам?...

Аяшым сойкуканада иштегенин досума кантип айтам?…

Жакын досумдун колуктусу бир кезде сойкуканада иштеген, аны досум билбейт. Үйүнө барган сайын күнөөлүдөй болуп жаман боло берчү болдум.

Мындан эки жыл мурун ЦУМдун тегерегинен аяшымды чогуу иштеген кесиптештер болуп бир түнгө алып кеткенбиз. Андан кийин да бир топ жолу сойкуканалардан көрүп калчумун. Досум болсо буга чейин америкада иштеп жүруп келгенге кыргызстанда эмне деген аталалар чалына турганын билбейт окшойт. Бир кызды сүйүп калдым өтө түшунуктүү экен деп мактап жаткан той күнү ооруканага жатып калып барбай калгам. Кийин куттуктап барып аяшымды көрүп жаман болдум. Үйүнө мурункудай көп да каттабай калдым. Мен албетте досума айтып анын үй-бүлөсун бузбайм бирок башкалар айтып койсо эмне болот деп кээде жүрөкзаада болчу болдум. Кыңыр иш кырк жылда билинет дейт билинип калган күну досум менен билчү белең деп сураса аялынды акчага сатып алып жүргөм деп кантип айтам.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда