Нариман Түлеевдин жана анын туугандарынын мүлкүн конфискациялоого кимдер кызыкдар?

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Тулеев абактан чыкканы менен ага тиешелүү ишке чекит коюла элек. Айтайын дегеним, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду Ленин райондук соту А. Сариевдин чечиминдеги мүлктөрдү конфискациялаш керек деген  жерине таянып, Түлеевге тиешелүү мүлк алынышы керек деген жери так жазылбаса да, мыйзамды одоно бузуп, жалпы Түлеевдердин кыймылсыз мүлктөрүн конфискациялоого аракеттер башталды. Чынында мындай нерсе Кыргызстанда биринчи жолу орун алып жатат. Нариман Түлеев болсо, “Айып төлөндү, боло турган иштин баары болду. Бирок иш аягына чыккан жок. Башкача айтканда, жакын жана алыс туугандарынын баарынын мүлктөрүн конфискациялайбыз деп жатышат” – дейт.

Биз бул окуяларды териштирип, ак-карасын билүүгө аракет кылып, айрым инсандарды кепке тарттык. Анткени соттун чечими менен конфискациялоо деген маселе мыйзамдаштырып рейдерлик кылуубу деген ойго да түртүп жатат.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

“ТҮЛЕЕВ БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИ Б0ЛГ0НГ0 ЧЕЙИН ЭЛЕ АЛАРДЫН МҮЛКТӨРҮ, БИЗНЕСТЕРИ БОЛГОН”

-Чынында Нариман Түлеевдин атасы, бир тууганы, кызы жана жакшы санаалаштары сатып алган мүлктөрдүн мыйзам боюнча Түлеевге тиешеси жок болуп эсептелет. Ошондой эле жеке менчик Конституция тарабынан кол тийгис болуп корголот. Бирок ошого карабастан, сот кызматындагылардын басымы астында анын мүлктөрүн конфис- кациялоого аракеттери башталды. Негизи Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болгонго чейин эле алардын мүлктөрү, бизнестери болгон. Ал мүлктөрдүн Түлеевдин саясий ишмердүүлүгүнө тиешеси болгон эмес. Соттун чечими бар деп, алардын мүлктөрүн тартып алуудан алыс болушубуз керек. Бирок ага карабай орун алып жаткан мыйзамсыз системанын орношуна азыр чындык издеп чырылдап жүргөн Аида Салянованын да тиешеси бар экенин акыйкаттуулук үчүн айтып коюшубуз керек.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу:

“СОТТОР ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАГАБЫЗ ДЕГЕН ОЙДО —  ТҮЛЕЕВДИН ЭЛЕ ЭМЕС, АНЫН ТУУГАНДАРЫНЫН ДА МҮЛКТӨРҮ КОНФИСКАЦИЯЛАНСЫН ДЕГЕН ӨКҮМ ЧЫГАРГАН”

Президент элге кайрылуу жасап жатып, күнөөсү сот аркылуу далилдене электе эле айрым адамдарды “коррупционер” деп айтты. Президент айткандан кийин сот, прокурор айласыздан “күнөөлүү” деп таап жатат. Коррупционер делген Н.Түлеев, М. Мырзакматов, У.Аманбаева соттолуп, үй-мүлктөрү конфискациялансын деген өкүм чыгарылган эле. Бирок конфискацияга прокуратурадагылар президентке жагыныш үчүн туугандарынын мүлктөрүн иликтеп, далилдебей туруп кошуп таштаган. Кайсы мыйзамдын негизинде биздин мүлктөрүбүздү кошо конфискациялап жатасыңар деген таризде туугандары сотко арыз жазса, арызды кароодон баш тартып жатышат. Чынында кайсы мыйзамда кылмышка тиешеси жок туугандарынын үй-мүлктөрүн алууга жол берилээрин далилдеп беришеин. Болбосо мыйзамды бузуп, президентке жагынам деген саясатты токтотушсун. Болбосо сот аркылуу рейдерлик жасоосуна каршы болобуз.

Феликс Кулов, генерал, “Ар-Намыс” партиясынын лидери:

“БИЗ МЫНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН БАШКА БИРӨӨНҮН МҮЛКҮН БАСЫП АЛУУГА ЖОЛ БЕРИП ЖАТАБЫЗ”

-Биз мезгилинде президентке жана президенттин аппаратына парламенттин трибунасынан кайсы мыйзамдын негизинде 1995-жылы салынган үйүн, туугандарынын квартираларын конфискациялап жатасыңар деп суроо берип кайрылганбыз. Себеби мындай жол менен биз башка бирөөнүн мүлкүн басып алууга жол берип жатабыз деген маселе көтөргөм. Анткени бюджетти максаттуу пайдаланбаган деген Нариман Түлеевге коюлган дооматтын анын мүлкүнө тиешеси жок. Ошондуктан биз мыйзамдын бузулушуна каршы болуп жатабыз.

Жылдызкан Жолдошова, экс- депутат:

“МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕРДЕН ООЛАК БОЛУШУБУЗ КЕРЕК”

-Мен Түлеевди жактаган адам катары жана мыйзамсыздыкка каршы буларга токтолгум келет. Нариман Ташболотович Бишкек шаарынын мэри болгуча эле 1995-жылы салын- ган атасынын үйү болгон. Нариман 2005-жылы мэр болгон. Ошондуктан калыстыкка, чындыкка көз жумуп, атасынын үйүн конфискациялоо туура эмес. Конституциянын 12- беренесинде так көрсөтүлгөнүнө карабастан, “бөрк ал десе, баш алгандар” Түлеевдин туугандары менен жакындарынын мүлкүн кошо конфискациялай башташты. Бул адилетсиздик, мыйзамга каршы чыгуучулук деп айтаар элем. Анткени бүгүн бул системанын курмандыгы Нариман болсо, эртең дагы бирөө ак жеринен күйөт. Эгер укуктук мамлекетте жашап жатканыбыз чын болсо, баарыбыз мыйзамды сыйлап, мыйзамсыз иштерден оолак болушубуз керек. Башкаача айтканда, соттун чечимине таянып рейдерлик кылбашыбыз керек.

Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү:

“АТАСЫ ҮЧҮН БАЛАСЫ ЖООП БЕРБЕЙТ”

Нариман Түлеев Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда иш козголуп, аны террорист кармагандай кылып, туугандарын, бала-чакасын уруп-сабап кармап кетишкен. Тилекке каршы, андан бери Түлеевди мыйзамсыз камап, болушунча басмырлап, атасынын каза болгонуна да себепкер болушту. Андан бери мыйзамсыз соттор болуп, өзүн эле эмес, туугандарынын мүлкүн да тартып алуу аракетин көрүштү. “Атасы үчүн баласы жооп бербейт” деген заманда, мыйзамдарды одоно бузуу менен туугандарынын мүлкүн тартып алуу аша чапкандык, өзүм билемдик жана Конституцияны, мыйзамдарды бузгандык болот. Бүгүн менен күн бүтпөйт. Ошондуктан мыйзамды төө бастыга алып, тебелеп-тепсебей, сыйлашыбыз керек. Болбосо мыйзамды бузгандар келечекте жооп берип калышы мүмкүн.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу