Айзуура Иманалиева: “Бүгүн атама белегибизди бергендин ордуна, ыйлап барып топуракка гүл койдук…”

Айзуура Иманалиева: “Бүгүн атама белегибизди бергендин ордуна, ыйлап барып топуракка гүл койдук…”

17-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бүгүн маркум акын Элмирбек Иманалиев тирүү болгондо 43 жашка чыкмак. Анын туулган күнүндө кызы Айзуура Иманалиева белек бергендин ордуна, ыйлап топуракка гүл коюп келишкенин айтат:

“Мындан туура бир жыл мурун, атамдын туулган күнүнө карата жолуктук… Атам көп учурда жолугушуулары болуп, шашып турар эле. Бирок, акыркы жолугушууларыбызда тескерисинче жаныбыздан кеткиси келбей, узакка кобурашып отуруп калчу болдук.
Ал күндөн көп өтпөй жаныбыздан таппай калдык. Бүгүн болсо белегибизди өзүн кучактап бергендин ордуна, ыйлап барып топуракка гүл койдук…..

Жаткан жериңиз жайлуу болсун, атаке!
Сиздин нурдуу жүзүңүз биздин жүрөктөрдө түбөлүккө жашайт!”.