Нурлан Мотуев: “Бийлик мени президентке кеңешчи кылып кызматка чакыруусу керек”

 

-Нурлан байке кандайсыз? Өткөндө “мыйзамсыз камалгам” деп айтып чыктыңыз эле. Ошондон кийин кээ бирлер “Нурлан Мотуевге боштондук бериш керек!” деп чыгышты. Бул жагы кандай болду?
-Мен мыйзамсыз камалгам. 2012-жылы баягы “Кумтөр” боюнча Жапаров, Ташиев, Мамытов камалып кетип, оппозициялык кыймыл лидерсиз калганда, мен 1000 аксакалды уюштуруп келип, Ак үй алдында митинг кылдым. Намаз окуп, марш тептирип, айтор, Атамбаевтин айласын алты кетиргенбиз. Тескери бата бердик акыры, Атамбаев бизди укпай койгондо. Ошол терс дубанын таасири тийип, Атамбаев командасы менен толук кыйрап, өздөрү түрмөдө отурушат.
Бирок, ошондон кийин Атамбаев мага өчөшүп калып, мага терроризм статьяны илди. “Ак үйдүн алдына намаз окутат” деп…

-Сиз дагы убагында “Кумтөр” маселесин көтөрүп келгенсиз, 1 мандаттуу парламентти колдойсуз. Садыр Жапаров экөөңөрдүн көтөргөн маселеңер окшошуп кетет…
-Бул “Кумтөр” кыргыздын көп чыгаандарын башын жутмай болду го. “Насирдин Исановду ошол үчүн өлтүргөн” дешет. Садыр Жапаров баш болгон көп кыргыз түрмөгө отуруп чыктык. “Мурдагы президенттерди ошол “Кумтөр” жетекчилиги паралап сатып алышкан” деген чын окшойт. Эми, жаңы президент Садыр Жапаров сатылбайт деп ишенели. Кыргызстанда болуп өткөн жаңы Конституция, Президенттик башкаруу, ар бир округдан бир мандаттуу шайланган парламент боюнча Садыр Жапаров экөөбүз илгери эле айтып, идеяларыбыз дал келген. Ошондуктан 2013-2014-жылдары биригип, митингдерди да уюштуруп жүрдүк. Бул жөнүндө ошол кездеги ММКларда кеңири чагылдырылган. Эми, минтип Садыр Жапаровко чоң бийлик тийди. Жалпы кыргыз эли дээрлик бир маанайда дуулдап колдошту. Ошол айткандарын аткарат деп ишенели.
-Бийлик биринчи кезекте эмнеден ишти башташы керек?
-Таза шайлоо, бирдиктүү ишеним вотуму менен келген жаңы бийлик биринчи кезекте люстрацияны жасаса жакшы болмок. Кечээки 30 жылдык жемкор чиновниктерди, эки жүздүү, күнкарама саясатчыларды кайра эл башкарууга жолотпой, “жок дегенде 10 жыл эс алгыла” деш керек. Биз деле 10 жылдап самолюстрация болуп, бийликке жулунбай, өз чарбабызды жүргүзүп, токпейил жүрдүк го. Көздөрү тойбогон жийиркеничтүү, шылуун саясатчылардын азабынан дагы бир революция болуп өттү октябрь айында.
-Кызматка чакырса бийликке жардам бергенге даярсызбы?
-Мени кызматка чакырууга милдеттүү бул бийлик. Көбүнчө менин идеяларым ишке ашты, ушул идеялар үчүн түрмөдө отурдум. Эмне кызмат экенин билбейм, жок эле дегенде мени президентке кеңешчи кылып чакыруулары керек. Менин идея, кенештеримден Жапаров жаман болуп кеткен жок оппозицияда жүргөндө. Бул идеяларыбыз жалпы элге жакканы үчүн 80 процент шайлоочу колдошту.
Эми, Садыр Жапаров Президент болуп отурган соң, андан ары да жакшы кеңештерди бермекмин. “Жандоочу кийик аттырат”, “Вазир жакшы – хан жакшы” дейт кыргызда.
-Маегиңизге ырахмат

Барс медиа.кж


Сиздин пикир