Асел Кадырбекова менен казак ырчысы Куандык Рахым концерттен эмнени жарыялашат?

5-август күнү кечки саат 19:00дө Бишкек шаарында жайгашкан Кожомкул атындагы спорт ордосунда казак ырчысы Куандык Рахым менен кыргыз ырчысы Асел Кадырбекованын “Бололу бирге” аттуу шоу-концерти өтөт. Бул тууралуу концертти уюштуруучуларынын бири журналист, юрист Кайрат Дархан уулу менен маектештик.

 — Кайрат мырза, алгач өзүңүздү тааныштырып өтпөйсүзбү?

— Маданият чөйрөсүндө 18 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Андагы иш-чараларды уюштуруп келебиз. “Жандоочу жакшы болсо, кийик аттырат” деген сөз бар эмеспи элибизде. Анын сыңарындай, чыгармачыл инсандар бизге ишенип, бул боюнча кайрылып турушат. Биз колдон келишинче уюштуруу иштерин жасайбыз.

 

— Алдыда боло турчу концерт туурасында айта кетсеңиз?!!

— Концерт боюнча айтып кетсем, биз эл аралык долбоор түзгөнбүз. Ошол долбоордун негизинде казак ырчылары менен иштешип келе жатабыз. Алар менен иштешип жатканыбыздын себеби, эки элдин достук мамилесин бекемдөө болду. Ошондуктан, ортодогу алакабызды үзбөй, мамилебизди бекемдеп, ортодогу талашканыбыз сый болуп жүрө берели деп, ушул достук концертин уюштуруп калдык.

 

— Жогоруда аты аталган ырчылардын бирге концерт берүүсүн ким сунуштады?

— Эки элге аты чыккан ырчыларды өзүбүз тандап алдык. Албетте, ырчылар көп болду. Биз концерт уюштуруу алдында көпкө ойлондук. Анан казак боордошторубуздун таланттуу ырчы жигити Куандык Рахымды тандап алдык. Бул жигит учурда казак элине аты чыккан чыгармачыл инсандардын бири. Айта кетсем, “Бололу бирге” аттуу ыры менен кыргыз элине деле таанымал болуп калды.

Ошол ырды казак ырчысы Куандык Рахым менен бирге кыргыз ырчы кызы бирге аткарсын деп ойлоп, биздин сыймыктуу ырчы кызыбыз Асел Кадырбекованы тандап алдык. Бул аты аталган ырчы кызыбыздын аракетин, эмгекчилдигин жана адамгерчилигин баалайм жана аны менен сыймыктанам.

Айтып өткөндөй, “Бололу бирге” аттуу ырды концертте бирге аткарышат. Баса белгилей кетсем, жогоруда аты аталган PLANETA MAXIMUS компаниясынын колдоосу менен уюштурулууда. Мен ал компанияда менеджерлик кызматты аркалайм.

Эми болсо, казактар келгенде элибиз келип, концертибиз аншлаг менен өтүшүн тилеп, чыдамсыздык менен күтүүдөбүз.

 

— Уюштуруу иштери кандай өтүп жатат?

— Уюштуруу иштери абдан жакшы жүрүүдө. Жарнамалык жактан баардык ММКларга берип, тараттык. Көчөлөргө афишалар илинип, элдин сурамжылоосу да көп болууда. Ооба, “Концерт качан, кайсыл жерде болот?” деген элдин суроо-талабы да бизге күч берүүдө.

 

— Концерттин жүрүшүндө эмнелерди күбө боло алабыз?

— Казактын атактуу ырчысы кыргыз жергесине келгенинин өзү эле жаңылык го дейм. Концерттин жүрүшүн кызыктуу оюн-зооктор, эки элдин жаңы ырлары жаңырыат. Аселдин да жаңы жаңылыктары бар. Аны азырынча айтпай турайын. Ошол жаңылыктарын концерт учурунда өзү жарыялайт.

— Кирип келип эле, алгач сахнанын жасалгасына көз жүгүртөбүз. Ал жагы кандай болууда?

— “Эшигин көрүп, төрүнө өт” деп кыргыз элинде айтылган жакшы бир кеп бар. Кудай буруса, колдон келишинче сахнаны жасалгалоо иштери  жүрүп жатат.

 

— Билет наркы канчадан болууда жана кайдан алсак болот?

— Билет наркы 500 сомдон. Негизи эле, башка өлкөдөн келген жылдыздар мындай баага концерт коюшпайт. Биз элдин шартына карап, арзан кылдык. Билет арзан болгону менен, а концерт жогорку деңгээлде ысык өтөт.

Билеттер боюнча 0702 47 05 05 номуруна жана Кожомкул атындагы спорт ордосунун кассасына кайрылып, ала аласыздар.

Булак:gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу