Максат: Апам менен жубайымдын чыры бүтпөй койду…

Жашым жыйырма экиде. 11-классты аяктаар менен үйлөнүп алгам. Азыр борбор калаада иштеп, жашайм. Бир кыздуу болдум. Жакында экинчиси жарыкка келет. Назэль менен мектепте окуп жүргөндө эле кыз-жигит катарында сүйлөшчүмүн. Классташым болчу. Апамдар “Башка кызды ал, аны сандыратпай. Үрүп чыгаар ити жок, начар жердин кызы” дешкенинен болбой үйлөнгөм. Чынында бул жашоодо баардык нерсени акча, байлык чечпейт да… Назэль келин болуп келгенден бери эле апамдан жеме угуп эле келе жатат. Апам аны көп басынтат… жубайым апама каяша айтпайт. Унчукпай мостоюп гана кала берчү. Көзүнүн жашын мага көргөзбөй, жашынып алып ыйлачу. Мен анысын көп ирет байкадым. 3-4 жолу төшөнчүсүн түйүп, төркүнүнө кетип калды. Апамдын ага болгон мамилесин кантип оңдоорумду билбей койдум. Катуу да айталбайм… Кабак кашымды түйүп, кыялымды да көргөзө албайм. Назэль акыркы жолу кеткенинде, мен да үйдөн кетип калдым. Кайнатамдардан кечирим сурап, шаарга ээрчитип алып баса бердим. Апам алардыкына барып жаңжал чыгарыптыр. Аны кайненемдер айткан деле эмес. Теңтуш балдарым айтып калды. Мен апама коңгуроо согуп:

— Апа, эгер мени тирүү көргүңүз келсе, ойлонуп кадам таштаңыз. Мындан ары чыдай албайм, апа… Эгер дагы себепсиз анте турган болсоңуз, менин сөөгүм барат, — деп өчүрүп койдум.

Ошондон бери эки ай өтүп калды. Бир да ирет кабар ала элекмин. Жакында баралы деп жатабыз. Эгер дагы апам себепсиз урушуп, кагып-силксе, анда кантем? Муну ойлогонумда эмне кылаарымды да билбей калам…

Максат, Токмок шаары.

Булак: AibekNur.kg


Сиздин пикир