Анжелика: “Сүйүктүүм экөөбүз үч жылдан кийин гана бири-бирибизди жакшы түшүнө баштадык”

Бул    тууралуу ырчы айым Анжелика жеке Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди:

“Жашоо бактылуу көз ирмемдерден турат.

Баардык кыздар көңүлдү көтөргөн жылуу мамилени, кучак толгон гүлдөрдү жана таттууларды себепсиз эле жакшы көрөбүз. Бул тууралуу жан шеригиңиз менен ачык сүйлөшүүдөн тартынбай, эмне кааласаңыз ачык айтып туруңуз.

Ал эми, биз үч жылдан кийин гана бири-бирибизди түшүнө баштадык. Ал мага тамашалап 5-сунушун “Айга барып киргизем” деди. Бирок, 2-январда биз дээрлик булуттарды аралап жүргөндөй бактылуу болдук.  Мен көшөгө артында калган мындай кадрларды көрсөтөм деп эч ойлогон эмесмин. Айтайын дегеним жашоону бүгүнкүдөй бактылуу жашап өтөлүчү”, – деп жазды ырчы кыз.


Сиздин пикир