Неля: “Апамды караган врачтар жоопкерчиликсиз мамиле жасашты”

Ырчы Неля врачтар апасына жоопкерчиликсиз мамиле жасаганын айтат:

“Жашоомду жарык кылып, кубанычымды, бакытымды тең бөлүшүп жүргөн
апам бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Бирок, мен дагы деле ишенбей, апам алыс жакта жүргөндөй эле сезилип жатат. Күтө берем, кусалыктын аягы жок…
Бош убактым болсо эле апама чалып, сүйлөшүп калчу элем, эми сүйлөшө турган адамым да жок…

Тилекке каршы апамды караган врачтар жоопкерчиликсиз мамиле жасап,көп нерсени өз убагында аткарган жок!(айта берсем сөз көп)
Алардын канчалык күнөөсү болсо,бардыгын кудайга койдум! Анткени, Аллахым өтө адилеттүү,билүүчү зат!

Билем бардыгыбыздын бараар жерибиз бир, сабырдуу, кайраттуу болушум керек, бирок пендемин, апамды жоктоп кайгырбай, ыйлабай коё албайт экенсиң…
Жаркылдаган, ак көңүл апамдын ордун эч ким, эч качан алмаштыра албайт экен…Боорукердиктин, камкордуктун назиктиктин, жылуулуктун булагы болгон, мага ар дайым акыл айтып, түрткү берген, туура багыттаган сиз элеңиз. Менин ар бир ийгилигиме чын жүрөгүңүз менен сүйүнүп, атамдын жоктугун билдирбей, эч нерседен кем кылбай, ушул даражага жеткирип, мага мотивация берип, жанымда жүрчү элеңиз…

Көрсө,бир кем дүйнө…бүгүн барбыз,эртең жомок болуп кала берет экенбиз. Эми айла жок… Алланын буйругуна каршы чыга албайбыз. Жашоо улана берет экен!
Буйруса, жыл жаңырса, бардык жамандыктар артта калып, алдыда жакшы өзгөрүүлөр болчудай сезилет, кыйынчылыктар менен кайгы-капалар 2020-жыл менен калсын, алдыда тагдырдын жагымдуу күндөрү гана күтүп турарына, жамандыктын аркасынан жакшылык келээринен үмүт кылам…
Апам аябай күчтүү, кайраттуу айым эле,андыктан апамдын жолун жолдоп, белимди бекем бууп, Жаратканым берген өмүрүн бактылуу сүргөнгө аракет жасайм.
Эгерде ата-энеңер тирүү болсо,анда сиз эң бактылуу адамсыз,аларды кадырлап-сыйлап,кызматын кылып, ыраазычылыгын алганга аракет кылыңыздар..

Апаке мен сизди аябай жакшы көрөм… Сиз ар дайым менин жүрөгүмдөсүз”.


Сиздин пикир