Садыр Жапаров: «Ишенбай Кадырбеков сен саткынсың, мындай акмактарга ишенбегиле!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш
  1. Мындай пикирин Садыр Жапаров өзүнүн

фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» дейт.
Сенин мындай калптарыңа жооп бербейт элем. Бирок жалпы эл жана жаштар ишенип алып, туура эмес жолго түшүп кетиши мүмкүн да?
Ошондуктан чындыкты айтып коёюн. Жетим тоонун лицензиясы эч кандай Кытайларда эмес, 100 пайыз биздин өзүбүздүн мамлекетибиздин колунда турат. Эч бир инвесторду аралаштырбастан эле өмүр бою өзүбүз иштетебиз. Аны иштетүүгө көп акылдын, көп каражаттын кереги жок. Темирдин запасы 500 жылга жетет. Бала чака, небере-чөбөрөлөрүбүз улантат. Биздин мамлекетибизди экономикалык кризистен чыгарып кетчү бирден бир булагыбыз ушул. Кумтор боюнча кийинчерээк сөз болот. Ишенбай Кадырбеков, сен окшош саткын, паракор эмесмин. 2007-жылы сен Госстройду жетектеп турганыңда азыркы
менин республикалык штабым жайгашкан имаратты куруп жатканда ар кайсы шылтоо менен токтотуп, 300 миң доллар пара сураганың эсиңдеби?
Мен сага пара бербей, сот аркылуу чечип алганымды унутуп койдуңбу?
Баардык предписаниелериң, соттун чечимдери турат дагы деле сакталып. Кийин паракорлук кесибиңди улантып жүрүп камалып кеттиң. Ошондо эле турмуштан сабак алгыдай болдуң эле. Көрсө дагы деле оңолбопсуң.
Эми бузукулук кылбай небере жытын жыттап тынч эле үйүңдө олтурбайсыңбы. Ушундай бузукуларга жооп бербейин эле дейм. Бирок азыр ушундай кырдаал болуп турат. Анча мынча түшүнбөгөн элдер ушул окшогон бузукуларга ишенип алышат. Ошол үчүн жооп берип, чындыкты элге жеткирип туруш керек болуп турат. Мындай акмактарга ишенбегиле эл журт.

Аргумент.kg