Сабак учурунда ZOOMдан балдарга порнография көрсөтүлгөн

Сабак учурунда ZOOMдан балдарга порнография көрсөтүлгөн

05-аяк оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Аралыктан окутууга даяр эмес экенин айтышып, 5-класстын окуучуларына Zoomдан порнография көрсөтүлгөнүн ата-энелер даттанышууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты. Арыздануучу аялдын сөзүнө караганда сабак учурунда окуучуларга порнография көрсөтүлүп, аягында видеонун ордуна уят сөздөр менен сөгүнгөн эркек пайда болгон. Бул окуяны Facebook жана Instagram баракчаларына жазып чыккан.анын айтуусунда: «Онлайн-сабактын экинчи күнү эле Zoom программасында чектен чыккан көрүнүш болду. Эмне үчүн үч айдан бери балдарды окутуунун нормалдуу каражаттарын даярдап кое алган жоксуңар?! Менин балам шок болуп олтурат, калган классташтары да шок болуп жатышат. Мен өзүм калчылдап атам. Zoom деген эмне болгон мындай программа, ыя?!. Эмне үчүн ушул кезге чейин нормалдуу окуу жок?!», – деп жазылган. Бул окуянын чын –бышыгын 3-сентябрь күнү Нур-Султандын билим берүү башкармалыгы да ачыктап: «5-классты окутуу процессинин учурунда Zoomдун платформасына бөтөн бирөөлөр кирип алышып, балдардын компьютерлеринин экранынан уят-сыйытсыз слайддарды көрсөтүшүп, уят сөздөр менен сөгүнүшүп, математика сабагын үзгүлтүккө учуратышкан», – деп билдирүү кылышты. Учурда ушул окуя боюнча полиция Департаментине кат жолдошкон.
Аргумент.кж