Коом

62 жаштагы шефиме өзүмдү арнагым келет

Окууну аяктап практикант болуп бир жерге барып калдым. ал жерде мени улуу эле адам жакшы кабыл алып бир топ жардам берди. Кийин ошол жерге толугу менен ишке орноштум. Мага жардам берген адам мен иштеген бөлүмдүн башчысы. Мен ал кишиге катчылык кызмата иштеп келем. Быйыл 62 жашка толду. Бир жыл ичинде мен ал адамды көрбөй калсам сагынган абалда болуп калдым. Бир сөз менен айтканда биринчи жолу акыл эсимди жоготуп сүйдүм. Менин сезимимди түшүнбөгөндөр карыган чалды кантип сүйсүн өзүнө тең адамды таппайбы деши мүмкүн. Ал адам мен үйун бүткүл дүйнөм , чексиз ааламым. Ал адамдын жеке жашоосуна кызыгып аялынан кызганам. Байкатрай досторума айтып шефимдин телефонуна да тыНшоо койдуруп алдым. Баарын угуп турам. Аялы орой, тили ачуу аял дайыма шефиме чалганда жаман сөздөрдү айта берет. Балдары болсо тарбия албаса керек атасын урматтабай. Мындай үй бүлөдө өмур сургөн кымбат адамымды алардан тартып алгым келди. Аябай аракет кылдым. Бирок болбоду. Менин аракеттеримди байкагандан кийин шефим мени тарбиясыз наадан деп жумуштан бошотуп ийди. Мейли мени эмне деп атаса да баарына кайылмын. Мен ал кишиге өзүмдүн аруулугумду арнагым келет. Качан болбосун мен акыры ал адамдын кымбатына айланам. Сүйүүмду талаага таштагым келбейт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *